www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл-чарба министрлигинин чабал иш алып баргандыгынан улам быйыл өлкө дыйкандары чоң чыгымга учурап отурушат. Мындай пикирин базарларда дүңүнөн айыл-чарба продукциясы менен соода кылгандар билдиришүүдө. Ал учурда парламентте аталган министрликтин орун-басары депутаттардан тил угуп, эл өкулдөрү министрликке канааттанбай тургандыктарын айтышууда.

Түзүлгөн жагдай менен таанышууну эп көргөн президент кече айыл-чарба министри Нурбек Мурашевди кабыл алып, маселени чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды дагы бергендиги абал жөнөкөй эмес экендигинен баа берет. Министр, учурда картошканы жана башка продукцияны экспорт кылуу боюнча Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берип, президенттин тилин табууга аракет жасады.

Ал эми бүгүн Жогорку Кеңеште дал ушул министрдин орун басары Жаныбек Керималиев паралменттик жыйынга даярданбай келип, депутаттардын суроосуна өйдө-төмөн сүйлөп отуруп, мындайда токтоолугу менен айырмаланган төрага Дастан Жумабековдун дагы ачуусун жаратып, ал чиновникти жаш баладай эле урушканга аргасыз болду.

Төраганын чиновникке карата сын пикири жүйөлүү эле болгон сыяктуу көрүнөт. Себеби, министрдин орун басары берилген үрөндөр боюнча суроолорго так жооп бере албагандыгы аз келлгенсип, жыйынга кечигип келип, жоопторунда кетенчиктеп,  жыйынга эч даярдыксыз келгендиги ачык эле көрүнүп турду.

Кененирээк кийинки материалдан көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости