www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайсы бир директор 5 жыл ийгиликтүү иштеп келсе, бирок убакыты бүткөн соң аны алып салуу туура эмес. Мындай пикирин журналист, коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев NazarNews маалымат агенттине берген маегинде билдирди.
--"Мектеп директорлорун алмаштыруу маселеси учурда эң актуалдуу болуп жатат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров мыйзам чыгарган. Бирок, президент тезинен директордун баарын алмаштыргыла деген жок. Өлкө башчы алгач жарлык чыгарат. Ошол жарлыктын негизинде жобону министрлер кабинети иштеп чыгышы керек. Ага министр кол коёт жана анын негизинде ишке ашат. Аны эмгек кодекси, жарандык кодекси, конститутция менен билим берүү мыйзамына айкалыштырып, бузбай так аткарып жазыш керек.
Баарын бир күндө алмаштырып, ордуна жаңы коюш керек деген туура эмес. Ал жерде 35, 40, 50 жаштагы директорлор бар. Пенсиялык курак деген чектөө киргизип коюптур. Аны так жазуу керек. Себеби аялдар менен эркектердин пенсия курагы ар башка. Так санды көргөзүп, мисалы, 60 же 70 деп жазганда туура, түшүнүктүү болмок.
Ал эми, 5 жылдан ашык директорлук кызматты ээлебеш керек деп жатышат. Эмненин негизинде андай талап коюп жатышат? Бир адам 5 жылдан эки мөөнөт гана иштей алат деп койсо туура болмок. Мисалы, кайсы бир директор 5 жыл ийгиликтүү иштесе жана 40 гана жашта болсо, убакыт бүткөн соң аны алып салуу туура эмес.
Мектеп директорлорун алмаштыруу боюнча чечимди Билим берүү министрлигиндеги жакшы юристтер даярдаса болмок экен, бирок азыр деле аны жөнгө салууга убакыт бар", - деп билдирди Кубан Мамбеталиев.
Маекти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:
Булак: NazarNews.kg