www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарынын тургуну Жыпара Машаева NazarNews маалымат агенттигине мечиттин имамы менен жер маселесин чече албай жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы аталган шаардын башкы көчөсүндө жайгашкан борбордук мечиттин ошол учурдагы имамы Абдылдаев Элдияр менен соода кылганга келишим түзүшкөн.

Кийин башка имам Карыбек Шерик таштандылар көбөйүп кеткенин айтып, контейнер коюу сунушун киргизген.  

“Ошол учурда каражат жок болчу. 2017-жылы акча болуп, 20 тонна, 6 метрлик контейнер койдук. Жайыл районунун борбордук мечитинин башкы имамы Өмүралиев Нурдандын биринчи эле койгон чабуулу ушул болду: биз контейнер коюп аткан жерди бетон менен тосуп коюптур”, -дейт жабырлануучу.  

Ошондой эле, ал жалпы имамдардын атынан Жайыл районунун ИИБине мыйзамсыз контейнер коюп жатышат деп арыз менен кайрылышканын жана түрмөдө отурган “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен белгилүү Руслан Жумагуловду да жиберип коркутканын айтып берди.

Окуя толугу менен төмөнкү видеодо:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости