www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбург шаарындагы "Кольцово" аэропортунда кыргыз жаранына кол салуу болуп, анын чемоданындагы 33 миллион рубль каракталган.

Бул карактоо видеого дагы түшүп калган. Анда 33 миллион рубль бар чемоданын сүйрөп бара жаткан курьерге артынан эки адам чуркап келип, тапанчадан ок чыгарып, акчаны алып качып кетишкен. Курьер жана аны коштоп бара жаткан адам кол салгандардын артынан чуркагандыгы менен жетпей калышкан. ЖМКдагы маалыматтарга караганда, кол салуу 20-ноябрда кечки саат 19:20да аба майдандан алыс эмес жайгашкан Angelo мейманкананын жанында болгон.

Кийинчерээк, кылмышкерлер айдап жүргөн унаа токойдон табылган. Аны каракчылар өрттөп кетишкен. Полиция бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Жаракат алган адам Кыргызстандын жараны болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости