www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында майып адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 23-мартта Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына №4 ооруканада 1988-жылы туулган Д.М. аттуу жаран каза болгону боюнча маалымат түшкөн. Ал ооруканага 11-12 омурткасы сынган абалга түшкөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо чакыруу болгон жерге жөнөп кетишкен.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркум ушул жылдын 21-мартында Рыскулов жана Заводской поселок көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыянын каналынан майыптык арабада табылганын аныкташкан.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин жана Ленин РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү — 1983-жылы туулган С.Ы., кармалып, тергөө кызматына алынып келинген. Ал  Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Последние новости