www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-ноябрь күнү NazarNews.kg сайтында “Жапжаш кыздын атактуу, улгайган көңүлдөшү Олег Соколов кызды кантип өлтүргөнүн айтты” – деген макалабыз жарык көргөн. Анда 9-ноябрь күнү Санкт-Петербургдагы Мойка дарыясынын жээгинде 60-65 жаштар чамасындагы адам бутуна тура албай, сууда ары-бери чайпалып жүргөндүгү, жергиликтүү тургундар аны алып чыгуу аракетин көргөнү менен негедир ал колундагы баштыкты сууга чөктүрүүнүн аракетин көргөндүгү айтылган.
Кийинчерээк окуя болгон жерге дарыгерлер чакыртылган. Бирок, дарыгерлер менен бирге эле полиция кызматкерлерин чакыртууга туура келген. Себеби, ал адамдын колундагы баштыкта жиликтенген адамдын дене-мүчөлөрү табылган. Ал дароо ошол жерден кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Анын өздүгүн аныктоо оорчулук жараткан эмес. Себеби, өзү тергөө менен кызматташууга макул болгон.
Белгилүү болгондой, кармалган адам бир гана Санкт-Петербург эмес, бүтүндөй Россияга белгилүү француз тарыхын изилдөөчү, Наполеонду кумир туткан, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин профессору Олег Соколов болуп чыккан. Ал эми ал көтөрүп жүргөн баштыкта анын 24 жаштагы көңүлдөшү, мурдагы студенти Анастасия Ещенконун жиликтенген дене мүчөлөрү экендиги белгилүү болгон.
Екатерина менен Олегден 40 жаш кичүү болгону менен анын көңүлдөшү болчу. Экөө жакында үйлөнөлү деп дагы турган. Бирок, ал иш жүзүнө ашкан жок. Олегдин айтымында Екатерина анын мурдагы аялдарынан калган балдарына начар мамиле жасачу десе, Екатеринанын жакындары кылмышка кызганыч себепкер болгондугун айтышууда. Экөө 3 жылдан бери ысык мамиледе болчу.
8-ноябрь күнү ушундай мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жаш кыз кечээ 17-ноябрда өзүнүн кичи мекени Краснодар аймагындагы Старовеличевск кыштагында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары жана туугандары эле катыша алды. Сөөккө дуа “воспивание” жабык гробдо окулду. Себеби анын жүзү катуу жабыркаган. Маркум Екатеринанын апасы, полициянын подполковниги Галина Ещенкого тез жардам чакырууга туура келди. Кийинчерээк ал ооруканага жеткирилген. Ошентип, Краснодар аймагында өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Екатерина Ещенко акыркы сапарга узады.
Булак: NazarNews.kg