www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Инстаграм баракчасына машыгуудагы кыска видеону жүктөдү. Хабиб Тони Фергюсон менен боло турган мушташка жигердүү дайынданып жатат. Алардын октагондогу жолугушуусу 2020-жылдын 18-апрелинде болот.

“Король эч жака кеткен эмес. Кетпейт дагы. Баарына айтып койгула- мен кайтып келдим”,-деп мушкер Инстаграм баракчасына жазган.

Фергюсон менен жолугушусу UFC 249 турниринин алкагында өтөт. Көпчүлүк аналитиктер Хабиб Нурмагомедовдун Фергюсонду утушуна жогорку мүмкүнчүлүгү бар деп белгилеп жатышат.

Белгилей кетсек, аталган мушкерлердин мушташын UFCнин жетекчилиги бешинчи жолу өткөрүүгө аракет кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости