www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Топтошкон адамдар орус желеги орнотулган аскер техникасын карай отторду жана таштарды жаадырып жатышат. Унаа канчалык ок өтпөс болгону менен жөнөкөй адамдарга туруштук бере албады. Артка чегинүүгө аргасыз болду.
Айтылган маалыматтарга ылайык, окуя кечээ, 18-ноябрда Сириянын түндүгүндөгү күрддөрдүн Кобани шаарына жакын жерде катталган. Анда Орусиянын аскер полициясы менен Түркия армиясынан турган колонна өтүп бара жаткан. Мына ошол учурда түрк аскерлери жергиликтүүлөрдү карай көздөн жаш агызуучу заттарды ыргытып, ошондон улам толкундоо күчөп кеткени айтылат.
Эске сала кетсек, РФ менен Түркиянын ортосундагы меморандумга кол коюулгандан кийин түрк Коргоо министрлиги күрддөргө каршы согуш аяктаганын жарыялаган. Ал эми ноябрь айынын башынан тарта Сириянын түндүк аймагын Түркия күзөтүүгө алган.
Булак: NazarNews.kg