www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде кезекте турган жүк ташуучу унаалар үч катар болуп кетти. Бул тууралуу окурман жергиликтүү басылмардын бирине билдирди.
«Унаалардын турганына үч жумадай болду, бир нече чакырымдык тыгын жаралды», - деп маалымдады кезекте турган жүргүнчү.
Учурда кезекте турган унаалардын саны канча экени белгисиз.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге ачык билдирүү менен кайрылган. Парламент мүчөсү өкмөт башчыны ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү менен кеңешме өткөрүп, -казак чек арасындагы көйгөйдү чечүүгө чакырган.
Белгилей кетсек, чек ара инфраструктурасын жаңылоого байланыштуу эки тараптуу макулдашууга ылайык "Ак жол-Кордой" автожол өткөрмө бекети быйыл январь айынын экинчи жарымынан тарта белгисиз мөөнөткө чейин жабыла турганы жарыяланган.
Булак:NazarNews.kg