www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореялык аял акылга сыйбаган доо менен өмүрүнүн акырына чейин сүргүнгө айдалышы мүмкүн. Кептин баары өлкө жетекчиси Ким Чен Ындын жана анын аталарынын сүрөтүндө. Түндүк Корея менен Кытайдын чектеш аймагында Онсонг уездиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Анда үй кожойкеси жалындаган оттон алгач эки баласын коопсуз жерге чыгарган. Бирок, дубалда илинип турган Ким Ир Сен, Ким Чен Ыр жана Ким Чен Ындын портреттерин чыгарууга үлгүрбөй калган.

Эми бул катачылык үчүн ал өлкөдөгү лагерлердин биринде өмүрүнүн акырына чейин оор иш аткарып калышы мүмкүн. Өлкөнүн ички иштер министрлиги жаран өрт маалында алгач портреттерди сактап калышы керек болчу деген кине коюуда.  “Ал аялдын тагдыры жакын арада чечилет”, - дейт enovosty.com/news маалымат агенттги  

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости