www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй ОИИББ: “Фейсбук” социалдык тармагынын колдоонучусунун денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген жаранды карап жатышкан жана бул жаракаттарды кытай жарандары келтиришкенин билдирген видео тасмасы тууралуу төмөнкүлөрдү билдиребиз.
2018-жылдын 12-декабрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Жайыл РИИБге жергиликтүү аймактык ооруканага Кара-Балта шаарынын 35 жаштагы М.И. аттуу жашоочусу “Жүзүндө, эки колунда көптөгөн кесилген жаракаттар, башында тактары бар” жаракаты менен жаткырылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн деп билдирет Чүй ОИИББнын Басма Сөз кызматы.
Окуя болгон жерге Жайыл РИИБдин ыкчам-тергөө тобу келишип, жабырлануучунун сөзү боюнча 2018-жылдын 10-декабрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында үйдөн чыккан жана ага 30-35 жаштардагы белгисиз үч адам келишип, күч колдунуу менен ак түстөгү “Тайота Виндом” үлгүсүндөгү автоунаага отургузушуп, белгисиз жакка алып барышып, колдорун байлашып, курч буюм менен жараттарды келтиришип, моюн тарапка белгисиз уколду сайышкан. Андан соң Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бирине жабырлануучуну таштап кетишкен. Аталган факты Жайыл РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (Адамды уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул окуяга чет өлкөлүк жарандардын тиешеси бар деп так кесе алдына ала айтууга болбойт, ошол себептүү кылмыштын ким тарабынан жасалгандыгын тергөөнүн жүрүшүндө гана аныктала тургандыгын белгилейбиз.
Учурда Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери аталган кылмыш ишинин бетин ачуу максатында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Булак: NazarNews.kg