www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы алып келинди

Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия. Препарат өлкөгө бекер берилди.

Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы жеткирилди.

В Кыргызстан доставлена партия вакцины от коронавируса компании AstraZenecaВ Кыргызстан доставлена партия вакцины от коронавируса компании AstraZeneca

Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы жеткирилди

Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия.

Шведдик-британдык вакцинанын 226 миң дозасы алынганын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда бул препаратты 1200 адам алды. Эске салсак, буга чейин Азербайжан ушул вакцианын 40 миң дозасын гумжардам катары жөнөткөн.

Кыргызстандыктар үчүн мындан башка россиялык "Спутник V", кытайлык "Vero Cell" (Sinopharm) жана казакстандык "QazVac" жеткиликтүү.

COVAX - бул Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс жана Эпидемияларга карата даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновация боюнча коалициясы менен биргеликте ДССУ тарабынан чыгарылган эл аралык механизм.

Программа өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнү колдойт жана сатып алууларды жүргүзөт. Анын шарттары боюнча, кирешеси жогору өлкөлөр башка мамлекеттерге жардам берүү максатында вакциналардын акчасын төлөшөт

Булак: NazarNews.kg

Последние новости