www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-майда ЛГБТнын укугун коргогон «8/365» кыймылына эки жолу кол салуу болгондугун Клооп.кж сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, алгачкы "кол салуу", феминисттер жана кызтекелерден турган уюм Бишкектин батыш тарабындагы эс алуу багына барганда болгон. ЛГБТнын таламын талашкан “Кыргыз индиго” уюмунун мүчөсү Надира Масюмованын сөзүнө караганда, Минивэн унаасы менен келген 10-12дей эркек кишилер, андан “гейлерди кайдан сабайлы?”,- деп сурашкан. Масюмова дароо жакын жердеги милицияга барса, андай машина көрбөгөндүгүн айтышкан.

Андан кийин, кетип калууга кам урганда, феминисттер отурган унааны бир киши  тороп, капотуна жармашкан. Ал жерден таш алууга кеткенде, булар качып кетишкен.

Бирок, “40 чоронун” лидери З.Көчөрбаев трансгендерге карата эч кандай зомбулук болбогондугун айтууда."Биз мындайлардын Кыргызстанда коомдук жайларга барышына каршыбыз",- деп айткан ал.

Андан кийин, 40 чоро таш, жумуртка менен трансгендерди “Жеңиш”паркынан кууган. ЛГБТнын мүчөлөрү учурда алардын үстүнөн арыз жазууга белсенип жүрүшөт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости