www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады. Жыйын жүрүшүндө кеңештин мүчөлөрү менен Украинада ишке ашырылып жаткан атайын операциянын жүрүшүн талкуулап жатканы айтылды. Путиндин билдирүүлөрүнүн негизги учурлары:

– Орусия аскерлери өз мекенин жана элин коргоо тапшырмаларын ийгиликтүү аткарып жатат;

– Негизги согуштук кагылышуу украиналык улутчул күчтөрү менен жүрүүдө;

– Украин улутчулдарынын куралданган отряды Киев жана Харьковго залп атуучу системаларын коюп, террорчулардай арактетенүүдө;

– Орусия “каракчы баңгилер менен неонацисттерден” эч кандай келишимдерди күтпөйт;

– Батыш Украинага курал ташууну токтотушу керек.

– Ал эми украин аскерлерине Путин төмөнкүдөй кайрылуу жасады: “Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине дагы бир ирет кайрылам. Неонацисттер менен бандерачыларга балдарыңарды, аялдарыңарды жана карыларды тирүү калкан кылып колдонушуна жол бербегиле. Бийликти өз колуңарга алгыла, бизге тиги “каракчы баңгилер менен неонацисттерге” караганда силер менен мунасага келүү жеңил болот окшойт”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости