www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун белгилүү карындашы Назгүл Мамытова мамлекет башчыга Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министринин орун басары Марат Тагаевдин коңшу Өзбекстандын эсебине 49 жылга ижарага берилген пансионаттар боюнча жазган пикири боюнча кайрылуу жасады.

“Фейсбукта 100гө жетпеген Тилекмат Куреновго окшош люмпендер, Сыргак Абдылдаевге окшош шизофрениктер, акыркы 5-6 жылдан бери эч жерде иштебеген, бир тыйын салык төкпөгөн бекерпоздор, анан мурдагы бийлик учурунда бийликчил гезиттерди иштетип, болгон рекламаны ээлеп жаман көнгөн, азыр жембаштыгы кур калган Назгүл Мамытова, Алмаз Темирбек, Лейла Саралаева сыяктуу журналисттердин тобу бар. Алар пансионаттар боюнча жазып жатышканынан өздөрү уялбаса, мен көрүп туруп унчукпай кое алгыдай эмесмин. Кошуна мамлекет менен туугандык, достук мамиле күтүш керекпиз. Биз Европага суктанып, чек арасыз жашоону кыялданабыз, а талап кылганыбыз “суу бербе, пансионаттарын бербе, инвесторлорун киргизбе” деген сөздөр”, — деп өзүнүн Facebook баракчасына маданият министринин орун басары Марат Тагаев пансионаттарын берилишин колдоп жазган.

Марат Тагаев өзүнүн макаласында аты аталган Назгуль Мамытова маданият министринин орун басарына төмөндөгүчө жооп кайтарды.

“Эдил Байсаловдун өкүл баласы аталган, бир дагы күн мамлекеттик кызматты, маданият тармагында эмгектенбей туруп көчөдөн министрлик кызматка барган Марат Тагаевди кызматтан алыңыз. Болбосо УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге министрдин орун басарына кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен кайрылам. Мен бир дагы күн бийликти колдогон эмесмин. Он жылдан бери гезит чыгып келген тарыхында бир дагы жарнама жарыяланган эмес, тескерисинче Атамбаев президент болуп турганда Садыр Жапаровдун пикирин, интервьюларын жарыялап келген. Ал эми пансионаттар боюнча пикиримди эч бир жерге жарыялай элекмин. Тагаев айткан сөздөрүн далилдеп берсин”, — деп Мамытова өлкө башчысына кайрылуу жасады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости