www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен жоопкерчиликти алып, чек араны чечебиз деп чыккандарды лидер деп айтым келет. Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов парламенттин жыйынында билдирди.

«Лидер деген көп сүйлөгөн, кооз сүйлөгөн, жада калса тажыяга да камера көтөрүп барып, өзүн пиар кылган адам болбош керек.

Мамлекеттин, элдин жүгүн көтөр билген адамды лидер дейт. Биз кээ бир адамдар туура эмес маалыматтар менен биздин коммитеттин мүчөлөрүн эл душманы деп таратып жатат. Убагында Исхак Раззаковду да жамандаргандар болгон. Мен жоопкерчиликти алып, чек араны чечебиз деп чыккандарды лидер деп айтым келет. Ал эми бүгүнкү күндө Тажикстанда болгон чек араны да кан төгүлбөгөн жол менен чечип беришиңиздерди суранам.

Урматтуу Президент, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мына Тажикстанга да мылтык көтөрүп бар дедиңиздер бардык. Керек болсо дагы барабыз. Чек ара чечилсе гана өлкөдө бейпилчилик орнойт», - деди Атазов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости