www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайгуул милициясынын тескөөчүсүнө баш ийбеген айдоочу кармалды. Бул тууралуу кайгуул милициясынан билдирди.

Маалыматка караганда,  окуя 20-январда саат 15:00 чамасында Курманжан датка менен Муса Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече унаа уруксат берилбеген жерге токтотулган. Ал жерде “Хонда Фит” унаасы бар болгон.

Тескөөчүлөр айдоочуларга унааларын алуусун эскертишкен. Бирок унаалар   алынган эмес.  Тескөөчү “Хонда Фиттин” ээсинен документтерди сураганда, ал көрсөтүүдөн баш тартып, тескөөчүнү сөгүп, баш ийбей,  видео-трекерди  сындырып кетип калган.

Ыкчам издөө жүрүшүндө 21-январь күнү саат 14:00 чамасында 1995-жылы туулган К.Д. кармалып, тергөө органына өткөрүлүп берилди.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө  иши жүрүп жатат.

 

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости