www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram-каналына видео жарыялап, анда Украинанын Улуттук гвардиясынын туткундалган жоокери алардын батальону Украинадагы атайын операциянын алгачкы күндөрүндө эле чоң жоготууга учураганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Бизге: «Кетсеңер атабыз» деп айтышты. Биздин командирлер алтын менен техниканы уурдап кетишти. Алар бизди таштап, бир жакка качып кетишти. Орусия - бул күч», - дейт видеодогу туткун.

Видеого комментарий берип жатып Кадыров украин аскерлерин багынып, өз өмүрүн сактап калууга үндөдү. Мындан тышкары, Чеченстандын башчысынын айтымында, бул дагы «Украинадагы тынчтык менен тартипти жакындатат».

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости