www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылга жаңы дем, жаңы тааныштар, жаңы буюмдар, жаңы кадамдар менен кирип барган кандай сонун. Дал ушундай жаңыланууну баштаган ырчы Робин Жээнтаев репертуарына жаңы ырларды толуктоого киришти. Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин «30 жаш» аттуу ырын жаңыча шөкөттөп, эл сынына койгону жатканын кабарлады.

Албетте, жумурай журттун кулагына сиңген аталган ырды чеберчилигине жеткире аткаруу ырчынын башкы милдети. Азырынча жыйынтык чыгаруу эрте экенин белгилеп, акмалап күтө турганыбыз дурус.

Кошумчалай кетсек Робин Жээнтаев буга чейин «Неге» аттуу ырына клип тарттырып, интернет айдыңында жүз миңдеген көрүүчүлөрдү топтой алган.

Курманбек Ниязбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости