www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гонконгдо июнь айында башталган массалык митингдер дагы деле уланууда. Жергиликтүү массалык каражаттардын маалыматы боюнча, 13-ноябрда болгон митингде 60ка жакын адам жабыркаган.
Төмөнкү берилген видеодо Гонконгдун көчөлөрүндө укук коргоо кызматкерлерине каршы массалык акция болуп жатат. Видеодо 70 жаштагы кишиге кыш тийип кулап калганын көрсөк болот. Маалымат боюнча ал киши митингге катышкан эмес, митинг болгон жерге жакын жерде болчу. Жабыркаган оор абалда ооруканага жеткизилген.
Эске сала кетсек, Гонконгдо митинг июнь айында эле башталган. Алар Гонконг бийлигинин колго түшкөн адамдары экстрадициялоо боюнча жаңы мыйзамына каршы чыгышкан. Ошондон бери бийликке каршы акциялар уланып келе жатат.
Булак: NazarNews.kg