www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызга көптөгөн трюктары менен "Чыпалак баатыр" деп таанылган Зарылбек Аликенов алгач өзүн коомчулукка "XXI кылымдын Кожомкулумун" деп тааныштырган. Ал кадимки эле жумуртканы катарынан үч жолу бүкүлү жутуп, гиряны чыпалагы менен көтөргөн сыяктуу көптөгөн трюктары менен кыргыз элине таанылган.

Эми ал өзүн Чыпалак баатыр эмес Күчмен деп атап, шоу дүйнөсүнө сүңгүп кире тургандыгын айтып, мындай жакшы кабарын NazarNewsка билдирди.

- Зарылбек мырза, кыргыз элине кандай кабарыңыз бар?

- Менин кыргыз элине кабарым толтура. Мындан ары өзүмдү “Күчмен” деп атадым. Азыр шоу бизнеске кадам таштап, жаңы ыр жаздырдым.

- Ырдын мазмуну кандай?

- Өзүм жөнүндө. Сөзү жана обону Мыктыбек Ашырбай уулунуку. Мыктыбек менин жаңы продюсерим, күчтүү уюштургуч, 3 тилде эркин сүйлөйт, негизи эле кыйын жигит. Ырдын аталышы «Бул жашоо – өмүр бир келет». Текстерин айтып берейинби?

Мен Күчмен, сен Күчмен.

Мен Күчмен, сен Күчмен.

Бул жашоо бизге бир келет,

Бул жашоо кандай керемет.

Жашайлы өзү ойдогудай.

Жашоо бул кумар оюндай.

Жамандашат элдер, эч көңүл бурушпай.

Кечке, күндө барып, мен сабак угам.

Интернет комментке, жазылган сөздөргө, көңүл бурбайм,

Тажадым, тажадым, сасыткылардан.

Акимдин жанында жүрөмүн дайыма,

Бардыгына жагат, ал падыша, хан. 

ыр мына ушундай саптарда.

- Сөздүн текстинде “Интернет комментке, жазылган сөздөргө, көңүл бурбайм”, деген саптар бар экен. Сизге карата жазылган комментарийлерди окуп көргөнсүзбү?

- Ооба, бир күнү эле интернетке кирип коеюнчу деп кирип, мага жазылган комментарийлерди окусам эле, ушунчалык жаман сөздөр жүрөт. Өзүмдү өзүм асып салгым келди, өлгүм келди. Кийин кой өлбөй эле коеюнчу деп өлгөн жокмун. Азыр андан комментарийлерге көнүп калдым.

- Качантан бери хейтерлер туура эмес сөздөрдү жазып башташты?

- Тиги, билесиңер да, торпокту көтөрүп чапкандан кийин да. Торпокту өлүп калды дешип, өлгөн эмес, тигилер да көрө албастык кылышып мени атайлап торпокту көтөрүп чапкан жерди эле көрсөтүп, торпоктун тирүү калганын кесип салышыптыр да.

- Ырчылыкка эмне максат менен кадам таштадыңыз?

- Билбейм, өзүм дагы түшүнбөй турам. Өзгөргүм келди. Өткөн жылы Гүлзат Мамытбек дагы чакырган.

- А баса, социалдык тармактарда сизди Гүлзат Мамытбекке үйлөнөт деген сөз тарап кетти эле.

- Жок, ай, менин сүрөтүмдү өпкүлөгөн видеону көрүп алып таң калдым.

- Жеке жашооңуз кандай?

- Жеке жашоом жакшы, Кудай буюрса баары жайында.

Төмөндө өзүн “Чыпалак Баатырдан”, “Күчмен” деп атаган Зарылбек Аликеновдун аткарган ырына күбө боло аласыздар.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости