www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жапаров менен Эрдоган Анкарада жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ушул сааттарда Анкарада жолугушту.

Жолугушуу Эрдогандын Facebook баракчасында түз көрсөтүлдү.

Эки лидер көп тараптуу алаканы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагындагы байланышты талкуулай турганы кабарланган.

Жапаров Түркияга 9-июнда расмий сапар менен барды. Аны «Эсенбога» аэропортунда Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды. Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти тарыхый инсан Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду.

Эки мамлекеттин Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт.

Андан сырткары Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат, бизнес-форумга да катышат.

Жапаров 11-июнга чейин пландалган сапарында Анкарада иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктарга кезигет.

Бул - Садыр Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости