www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленский Тегеранда кулаган Украина эл аралык авиа каттамы компаниясынын жүргүнчү ташыган Boeing учагы боюнча Ирандын билдирүүсүнө жооп бергенин РИА новости  жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Иранда кыйраган Украинанын   эл аралык  жүргүнчү ташыган Boeing учагы "адамдык катачылыктын" кесепетинен кокусунан атып түшүрүлгөн. Муну Иран мойнуна алган.

"Украина Ирандан толугу менен күнөөнү мойнуна алышын күтөт. Ошондой эле,расмий түрдө кечирим сурап, күнөөлүүлөр жазасын алып, компенсация төлөп беришин талап кылат", — деген Зеленский.

Учак адамдын жаңылыштыгынын айынан кокусунан атып түшүрүлгөн. "Башкы штаб билдиргендей учак Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК) аскердик объектисинин жанынан учуп баратканда атып алышкан.

Иран ТИМ жетекчиси Жавад Зариф Twitter аккаунтуна авиакырсык "АКШ тарабынан жасалган авантюризм учурундагы кризистен" улам болгондугун билдирген.  Ал ошондой эле кырсыктап каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

Эске салсак, Тегеранда кулаган учак 2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости