www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япония Кыргызстанга төрт социалдык долбоорду ишке ашыруу үчүн 278 миң 279 АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 18-январда Бишкекте акысыз каржылоо боюнча гранттык келишимдерге кол коюлду. Бөлүнгөн каражаттар төмөнкү долбоорлорго багытталат:
1. Талас шаарындагы №4 мектепке жаңы тактайларды сатып алып, ажаткана куруу. Максат 48 миң $988. Акча Талас шаарынын балансына которулат;
2. Нарындагы үч бала бакчанын эски терезе-эшиктери жаңысына алмаштырылат. Долбоорго №2 «Чебурашка», №14 «Алтын балалык» жана №15 «Бактылуу балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемелери катышууда. 75 миң 19 доллар акча шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына которулат;
3. «Плюс» коомдук фондуна Брайл арибинде басып чыгаруу үчүн принтер сатып алуу үчүн 56 миң 112 доллар которулат. Бул акчага ошондой эле китеп басуучу, кагаз кесүүчү жана лактоочу станок сатып алынат;
4. Талас районундагы Покровский аралаш социалдык стационардык психоневрологиялык мекемеге жалпы суммасы 98 миң 160 долларга УЗИ терапия аппараты, стоматологиялык бөлүм, кир жуугуч машина, «Тойота» медициналык сервистик унаасы жана башка жабдуулар берилет.
Гранттык келишимдерге кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана Талас, Нарын шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү катышты.
Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хидеки Года менен жогоруда аталган грант алуучу уюмдардын жетекчилеринин ортосунда гранттык келишимдерге кол коюлду.
Кошумчалай кетсек, гранттык колдоо Кыргызстанда 1996-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан Япония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” программасынын алкагында берилген. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринин, башталгыч билим берүүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын ж.б.
Бул убакыт аралыгында Кыргызстанда аталган программанын алкагында 187 долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 12 миллион 885 миң 831 АКШ доллары гранттык каражат бөлүнгөн.
Булак: NazarNews.kg