www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ыйман Нуру» парламентке адашып эле өтүп калдыбы?

Албетте, кайсы бир деңгээлде шайлоонун таза өткөнү бааланууда. Мурдагы аламан жарыштардай кантип болсун?

Ошентсе да, айрым түшүнбөстүктөр айтылып, талкууланып бүтө элек. Мисалы, «Ыйман Нуру» партиясынан Султанбай Айжигитов талапкер катары Баткенден иштеп, негизинен добуштарды Ат-Башы менен Тоң районунан алганы кандай? Сервер адашканбы, же шайлоочулар партиянын тизмесин белгилөөдө ката кетиришкенби?

Ушул жагынан саясый элитада күлкү келерлик сөздөр козуп кетти.

Негизи эле «Ыйман Нуру» кантип парламентке өттү? Электораты жокко эсе, каражаттары чектелүү, бирок 5 пайыздык босогодон секирик жасашты. Күмөн саноолор арбын. Лидери Нуржигит Кадырбеков канчалык тили менен буудай кууруса да, ийгилик жылмаймак эмес.

Же «Ата Мекен», «Азаттык» сыяктуу «коркунучтуу» партиялар өткүчө, элпек балдардын, чалдардын Жогорку Кеңешке келүүсү үчүн «жашыл жарык» күйдүбү? Диний идеологияны көкүрөктөрүнө катып жүрүшкөн «ыйманчылар» акыры мамлекетибизге кара көлөкөсүн түшүрүшпөйбү?

Булак: Азия News гезити

Последние новости