www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-апрелинде Ысык-Ата РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканага бычакталып жаракат алган жаран жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кетишкен. Милиция кызматкерлери жаракат алган адамдын өздүгүн аныктап, ал 1985-жылы туулган Б.А., аттуу жаран экен белгилүү болгон.

Аталган факт кылмыштадын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122 беренеси (киши өлтүрүгө аракет кылуу) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБнин кылмыш иликтөө жана Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1994-жылы туулган Б.М. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Бул окуя жарандардын ортосундагы чыр-чатактан улам келип чыккандыгы такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жаран Ысык-Ата районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, андан соң Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралган.

Иштин жагдайына ылайык, экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости