www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июль күнү Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү келип түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, аларга Аң-Өстөн айылынын 32 жаштагы тургуну көкүрөгүнө бычак сайылган жараат менен кайрылган. Бирок, ал эсине келбей ооруканада каза болгон.

Аталган факты электрондук маалымат журналына катталып, окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, алар бычактан жаракат алган жабырлануучуну айылдан таап, дароо ооруканага алып кетишкен. Ошондой эле аны акыркы жолу таякеси менен көрүшкөнүн, ал мас абалында жээни менен бир нерсе боюнча урушканын кошумчалашты.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында эртеси күнү Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургуну Т.А кармалып, ал алдын ала сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган. Андан кылмыш куралы, ашкана бычагы буюм далили катары алынган.

Бул факты боюнча 122-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости