www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 5 пансионаттын иши токтотулду

Ысык-Көл облусунда туристтик сезон башталгандан бери 5 пансионаттын иши токтотулду. Буга экологиялык талаптардын бузулушу, тагыраак айтканда, тазалоочу курулмалардын жоктугу же жараксыз абалга келип калганы себеп болгон. Бул тууралуу 9-июлда Бишкекте өткөн брифингде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Асел Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аймакта 1198 рекреациялык объект бар: 165 пансионат, 24 мейманкана, 932 конок үйү жана 37 боз үй шаарчасы. Алардын ичинен 822 объектинин тазалоочу жайлары жок.

«Текшерүүлөр пландуу да, пландан тышкары да жүргүзүлүүдө. Июнь айынан баштап күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды баштадык. 5 пансионатын иши бузуулар жоюлганга чейин токтотулду. Региондук башкармалыктын инспекторлору менен бирге башка региондордон келген кызматкерлер да текшерүүлөргө тартылды», -деди Мамбетова.

Тазалоочу жайлардын жоктугунан тышкары, катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында да мыйзам бузуулар аныктали

Последние новости