www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы бир катар социалдык-инфраструктуралык жана туристтик объектилерди кыдырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага Тоң районундагы белгилүү туристтик жайлардын бири — «Жомок» каньонуна да барды. Ал аталган объекттин туристтик потенциалын өнүктүрүү жана экологиялык абалын сактоо маселелерине көңүл бурду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов каньон бара-бара деградацияга учурап жатканын белгиледи. Туристтердин саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, ал негизги туристтик активдүүлүктү аймактын төмөнкү бөлүгүнө көчүрүүнү жана ал жерде келүүчүлөр үчүн заманбап шарттарды түзүүнү сунуштады.
Ошондой эле объектти өнүктүрүү жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн өзүн-өзү каржылаган атайын фонд түзүү демилгеси көтөрүлдү.