www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 400 метрге жакын төрт даана эски синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, торлор Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталып, суудан чыгарылган.
Рейддер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүп, узундугу 150 метр болгон синтетикалык балык уулоочу торду аныкташкан.
Тор суу сактагычтан чыгарылып, кайра колдонууга мүмкүн болбогон абалга келтирилген.
Рейддик иш-чаралар балык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу багытында улантылат.