www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы эки жылдын ичинде Ысык-Көлдүн түбүнөн 43 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2023-жылы болсо көлдөн 43 миң тоннадан ашуун ар кандай таштанды жана 400 чакырымга жакын мыйзамсыз коюлган балык уулоочу торлор алынган.

Тазалоо иштерин ӨКМге караштуу суучулдар кызматынын адистери жүргүзүп жатышат. Бул иш-чаралар өлкө президентинин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып, Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана көлдүн туристтик жагымдуулугун арттырууга багытталган.

Адистердин айтымында, көлдүн түбүндөгү таштандылар жаратылышка олуттуу зыян келтирип, балыктардын көбөйүшүнө жана суунун тазалыгына терс таасирин тийгизет. Ошондуктан мамлекеттик органдар жарандарды жана эс алуучуларды жаратылышка аяр мамиле кылууга, таштандыларды көлгө таштабоого чакырат.

Ысык-Көл — өлкөнүн башкы байлыгы. Аны сактоо ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.

Булак: NazarNews

Последние новости