www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада президент Владимир Зеленскийге жакын ишкер катары белгилүү Тимур Миндичке мамлекеттик чыккынчылык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко Украинанын Коопсуздук кызматына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, Израилге чыгып кеткен Миндичке жана аны менен байланышкан айрым адамдарга карата сотко чейинки иликтөө былтыр декабрда башталган. Иликтөөгө анын батиринде жүргүзүлгөн тыңшоолордун жыйынтыктары себеп болгон. Бирок ишке тиешеси бар адамдардын так тизмеси азырынча ачыктала элек.

Депутат ошондой эле Миндичтин мамлекеттик сырларга жетүү мүмкүнчүлүгү болгон-болбогонун, Россиянын атайын кызматтары менен ыктымал байланыштарын жана анын президент Зеленскийге, ошондой эле Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеровго тийгизген таасирин текшерүү өтүнүчү менен кайрылганын билдирди.

Бул окуя Украинадагы ири коррупциялык жаңжалдын фонунда болуп жатат. Коррупцияга каршы улуттук бюро (НАБУ) энергетика тармагында жогорку даражалуу аткаминерлер жана таасирдүү бизнес өкүлдөрү катышкан кылмыштуу уюмдун ишин ачыктаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, мыйзамсыз схемалардан түшкөн каражаттар Киевдеги кеңсе аркылуу адалданган.

Мунун артынан өкмөт “Энергоатом” компаниясынын байкоочу кеңешин мөөнөтүнөн мурда таратып, ишкананын ишин толук текшерүүнү тапшырды. Зеленскийдин “капчыгы” деп аталган Тимур Миндич өлкөдөн чыгып кетсе, мурдагы вице-премьер да бул иш боюнча айыпталууда. Өкмөт жаңы байкоочу кеңешти жакын арада бекитүүнү пландоодо.

Булак: NazarNews

Последние новости