www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 16-17-майда аба ырайы өтө ысый турганын Гидрометеорология кызматы эскерткен.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы 35…+40 градус, Талас облусунун аймагында 33…+38 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми нарын, Ысык-Кө облусунда абанын температурасы 30 градуска чейин жетет.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аптаптуу ысыктан сактануу боюнча негизги сунуштамаларды жарыялады.

Аптаптуу күндөн коргонууга даярсызбы?

— Күн нурунан сактанып, узак убакытка күнгө чыкпаңыз;

— Чаңкоонуу кандырып, күнүнө 1,5 – 2,5 литр суусундук ичүү;

— Табигый кездемелерден тигилген кийимдерди жана баш кийимдерин кийүү;

— Туура тамактануу, ачуу, куурулган, ышталган тамактардан баш тартыңыз;

— Инфаркт, инсульт, онкологиялык оорусу барлар салкын жайларда болгону оң;

Өтө муздак суусундук ичүүгө жана муздак тамак жегенге болбойт.

Адамга ысык өтүп кетсе, дароо 103 же 112 кызматтарына байланышып, тез жардам чакырыңыз. Тез жардам келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Дем алуу жана тамырдын кагуусу сезилбей калганда, дарыгерди күтпөстөн, жасалма дем алдыруу сунушталат.

Последние новости