www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зарыл эмес академия

Мамлекетти билгендер кээси менен жөн турмуштун чалмакейин чалып жиберет да. Бу жолу да ушундай болуп жатат. Жөн жүрбөгөн Топчубек Тургуналиев Манас менен Чыңгыз Айтматов академиясын ачам десе, президент Сооронбай Жээнбеков ачууга буйрук чыгарып жатпайбы. Анысы азырынча кагаз жүзүндө болуп жатат экен. Ошого карата Тургуналиев чуу чыгарып жатыптыр. Тургуналиев сунуштаган 75 миллион сом бөлүүнүн ордуна, Өкмөт 50 миллионго кыскартып таштаптыр, 46 адистин ордуна 36 адис деп кыскартыптыр, адисттердин маянасы 9 миң сом эле экен. Тургуналиев ушуга нааразы.

Чечим кабыл алгандар акылдуу баш менен ойлоп көрсө, аталган академиянын «сокур» тыйынча кереги жок. Биринчиден, мындай миллиондорду талап кылган академиянын карызыбыз чачтан көп учурда кенедей да кереги жок. Экинчиден «Манастын» түрдүү варианттагы томдуктарын, энциклопедиясын байма-бай чыгарып, аларды илимий жактан изилдеп жаткан Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту бар. Анча эле керек болсо, ошол институтту күчтөндүрүш керек болчу, Болуптур, аталган академия түзүлсүн, башында Топчуке турсун. Ошондо алар эмнени изилдеп куурашты?! Топчуке манас изилдөөчүбү?! «Манастын» укмуштуудай варианттарын ойлоп табышабы? Бул жөн гана кызмат ойлоп табуунун туундусу. «Бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун» жана андан пайда табуунун, моралдык да, материалдык да, эң жаман жолу. Бу жөнүндө кенен айтчу сөз алдыда.

Булак: "Багыт.kg"

 

Последние новости