www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-октябрда Ташкенттин аэропортуна өзбек авиакомпаниясы сатып алган алгачкы Boeing-747 учагы конду. 105 тонна жүк баткан “кең далылуу”  Jumbo Jet жана “Асман ханышасы” атына ээ ири учакка  My Freighter жүк ташуучу компаниясы ээ болду.

My Freighter компаниясы 2019-жылы негизделген, буга чейин Uzbekistan Airways компаниясынан ижарага алган учактар менен жүк каттамдарын аткарып келген.

My Freighter жакында 747 тибиндеги дагы беш жүк учагын сатып алууну, беш жыл аралыгында авиапаркты 20 жүк борту менен толуктоону пландап жатат.

2022-жылы My Freighter 410 жүк каттамын аткарган. Компаниянын Кытайдын 10 ири шаарында, Европа өлкөлөрүндө, Бириккен Араб Эмиратында, Орусия, Бразилия жана Вьетнамда жүк кампалары бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости