www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самаркандда 49 адам коомдук тамактануучу жайда даярдалган хот-догго ууланып, жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Жабыркагандардын арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылаййык, жабырлануучулардын баары тез тамактануучу жайда хот-дог жешкен. Кечке жуук алардын дене табы көтөрүлүп, ич өтүп, кусуп тамак-аштан уулануу симптомдору пайда болгон.
Учурда 29 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү, калган 20 бейтап дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы жакшы.
Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин башкы эксперти Абдурахман Исмаиловдун айтымында, хот-догдогу сабиз салаты үй шартында даярдалган, ал эми коомдук тамактануу жай бул салатты колдонгон.
Белгилей кетсек, учурда коомдук тамактануу пунктунун иши токтоп турат. Хот-дог үчүн жасалган продукциянын үлгүлөрү райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына текшерүүгө берилди.
Булак: NazarNews.kg