www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский премьер Гончаруктун  сөздөрүнө ишенбейт

Украинанын президенти Владимир Зеленский премьер-министр Алексей Гончаруктун кызматтан кетүү боюнча жазган арызын кабыл албай койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Зеленский кечээ, 17-декабрда Гончарук менен жолугуп, кызуу талкуу жараткан аудиожазуу боюнча билдирди.

"Коомчулуктун тынчын алып жаткан айрым маселелерди чечиңиздер, сизге жана сиздин өкмөтүңүзгө мүмкүнчүлүк берүүнү чечтим", — деп айткан Зеленский.

Ошондой эле ал кесипкөй адистерди тартып, өкмөттү күчтөндүрүү тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык  булактарга "Президентти кантип алдаса болот" деген аудожазуу тарап кеткен. Анда декабрдагы бейрасмий кеңешмеде премьер, өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөшүүсү деп айтылган. Гончаруктун үнүнө окшош киши президенттин экономикалык процесстер боюнча түшүнүгү артта калганын жана башы тумандашып жүргөнүн айтканы угулат.

Анткен менен Украина өкмөтүнүн маалымат кызматы бул аудио чындыкка дал келбей турганын билдирип чыкты.

Ал эми жума күнү Алексей Гончарук отставкага кетүү боюнча президентке арыз жазган. Мындай кадамы менен ал кызмат өтөөгө ынтызар экенин белгилеп, ошол эле учурда мамлекет башчынын ишенимине кирүү ниетин билдирген.

Зеленский күч түзүмдөрүнө эки жумада аудиожазууну ким жасап, таратканын тактоону тапшырды. Ошондой эле ал мындай аракеттердин алдын алуу чараларын көрүүгө чакырган.


35 жаштагы Алексей Гончарук өлкөнүн премьер-министрлик кызматына 2019-жылдын август айында дайындалган.

 

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости