www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«The Times» маалымат агенттиги Кремлдин тапшырмасы менен Киевге «Вагнер» жеке менчик аскер компаниясынын 400 кызматкери барганын билдирди. Алар Украинанын президенти Владимир Зеленскийди өлтүрүү үчүн барган деп айтылууда.
«The Times» маалымат агенттигинин өз булактары билдиргендей, Украинанын бийлиги жалданма аскерлер тууралуу 26-февралда билишкен. Ошондон кийин Киевде коменданттык сааттын шарттары катаалдашкан.
«Вагнер» жеке менчик аскер компаниясын Владимир Путиндин жакын санаалашы башкарат. Россия Федерациясынан көз карандысыз иш алып барат. Аталган компания Зеленскийдин бийлигин жок кылуу үчүн 5 жума мурун Африкадан аскер жөнөткөн», - деп билдирди «The Times».
Булак: NazarNews.kg