www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайлоолорубузда жаңы букалар көбөйөбү?

Депутаттар мал чарбасын асыл тукумдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга өзтөртүү киргизебиз деп жатышып киргизе албай коюшту. Министрдин орун басары Ж.Керималиев өзүнүн да, депутаттардын да башын көк мээ койдой тегеретти. Тегереткени ушу - 12 гана беренеден турган бул мыйзамдын долбоору тээ 1992-жылы кабыл алынган имиш. "Геномдук селекция деп жазыпсыңар, мунуңар асыл тукум чарба жүргүзүүгө таасир этеби?" деп сурашса, "бул мыйзам иштеген эмес, ага чейин токтом болгон экен" дейт орун басар. Республикада "асыл тукум чарба деген сертификат берген орган барбы" десе, андай сертификат берилген эмес экен.

Элеттик фермерлер өз күчтөрү менен асыл тукум букаларды сатып алышып, иш акырыңдап жолго коюлуп келатса, айыл чарба министрлиги болсо төрт түлүк малдын генетикалык потенциалын жана ДНКларын изилдейт имиш. Министрликтин элден алыс калгандыгынын айкын мисалы. Бишкекте депутаттардын мээсин айлантса, айылга барып "картошка көп эккиле, сатып алуучулар көп келет" деп элдин мээси айланткандан башкага жарай элек. Илгери өзүбүздөгү уяң жүндүү 10 миллионго жакын койлорго кол коюп, анан Австралиядан самолет менен кочкор ташып келгендей иш болгону жатат окшойт. Жайлоолорубузга жаңы букалар батпай кетпесе болгону?

Булак: "Ачык саясат плюс"

 

Последние новости