www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайылта турган саамалык: Уникалдуу той

Мындай үйлөнүү үлпөтү эгемен Кыргызстандын тарыхында дегеле болгон эмес! Жаш антивист Нургазы Нурлан уулунун үйлөнүү үлпөтүнүн башында дин аалымы Садыбакас ажы Доолов, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, "ЭмаКом Холдинг" компниясынын президенти Эмилбек Жусупов алмак-салмак сүйлөшүп, "Хан Ордо" ресторанынын жыйындар залында олтурушкан миңдеген жарандарга үй-бүлө куруунун маани-маңызы, жоопкерчилиги, ыймандуулук жана бүгүнкү заман талаптары туурасында ачык-айкын масилет курушту. Буга улай айым орчундуу соболдорго дагы жалпысынан жана жекече жоопторду кайтарышты.

Тойдун экинчи бөлүмү аталган ресторандын чакан залында тар чөйрөдө - Нургазы жана Ханзааданын санаалаштарынын, тууган-уруктарынын катышуусунда гана улантылды жана жыйынтыкталды.

- Кымбаттуу Нургазы жана Ханзаада! Көп кырдуу жана миң сырдуу турмушта өз ордуңарды тапкыла! - деди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков. - Аз чыгым короткон, көбүнчө акыл-насаат айтылган мындай жупуну тойлор өлкөбүздө мындан ары ылайым көбөйсүн! Биз дал ушинтип Кыргызстанды гана эмес, ар бир үй-бүлөнү экономикалык кризистен - жакырчылыктан жакын арада куткарганга үлүшүбүздү кошолу?!?

- Мен уулум Нурланга, неберем Нургазыга абдан чоң ыраазымын! Мындай үйлөнүү үлпөтү башкаларга үлгү жана сабак болсун! Бекеринен элибиз "Корктуңбу баштаба! Баштадыңбы, коркпо!" дешпейт, - деп агынан жарылды үйлөнүп жаткан Нургазынын чоң атасы Ыса Токомбаев. - Күркүрөтүп той өткөргөндөн көрө, ага короткон оңбогондой каражатка эки жашты үйлүү кылсак, мындан баарыбыз эле утат экенбиз!

- Албетте, Нургазы Нурлан уулунун үйлөнүү тою абдан кубаттап, анан бүтүндөй Кыргызстанга жайылта турган жышаан! - деди жаш активист Айбек Таалайбек уулу. - Эсибизде. Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору кезинде ашыкча чыгымдарга, артыкбаш той-аштарга, эң негизгиси ысырапкорчулукка каршы жакшы жөрөлгөн баштаган эле. Бул киши - эми Президент. Тажистандык кесиптеши Эмомали Рахмонго окшоп мындай иш-чараларды уюштурган жетекчилерди токтоосуз жана аеосуз жазалап, а түгүл кылмыш жоопкерчилчигине тартканда гана араң тыйылат. Ушул тапта биздикилерге мындан башка чара таптакыр таасир этпейт. Анан дагы мындай шаң-шөөкөттөрдү өткөргөндөргө, ошондой эле аларга жетекчилердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусуна бир нече жылга мораторий дагы жарыялаганы оң!

Канткен күндө дагы, ойгон кыргыз, ойлон кыргыз! Кредитке той өткөрүп, карызга баткан жакшыбы? Же жаш жубайларга түбөлүктүү түнөк - турак жай энчилеген сооп ишпи?

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Булак: "Майдан.kg"

 

 

Последние новости