www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-ноябрда парламент депутаттары Умбеталы Кыдыралиев менен Ирина Карамушкина айтыша кетти.
Кызыгы, бул эки эл өкүлү башка маселе каралып жаткан, туура эмес учурду тандап алышты. Тагыраагы, “Ар түрдүү маселелер” жыйынында депутаттар “эне жана баланы коргоо” боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматын угуп жатышкан.
Ошол учурда ортодогу микрофонго чыккан Кыдыралиев, бүгүн Карамушкина өтө коркунучтуу билдирүү кылып, ойлонулбаган кадам жасаганын эскертти. Айтымында, парламентте сүйлөп жаткан ар бир депутат сөзүнө отчет берип, ички таарынычтарын жалпы элдин маселеси каралып жаткан жерде колдонбошу керек. Ал эми импичмент жарыялоо үчүн түп тамырынан иликтеле турган маселе.
Албетте, дарегине карата айтылган сынга чычалаган Карамушкина дагы ортоңку микрофонго чыга калып, бир кездери Атамбаевге импичмент жарыялоо маселесин көтөргөн Өмүрбек Текебаевге атаандашып калды. Айтымында атамекенчиге эч ким унчуга алган эмес.
Ошентип, Карамушкинанын көзүнөн жаш айланып, ал эми Кыдыралиев кабагын чытып трибунадан кетишкенин көрүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg