www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылы январь айында ТЭЦтеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. 2019-жылдын 27-ноябрында Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук ишти кароо уланып, айыптыр тагылды.

Отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Мамлекеттик айыптоочу Элмира Жумашева башкы айыпталуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго тагылган айыпты окуду. Ал ошондой эле тергөөнүн далилдерин келтирди. Мунун алдында башка бир айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп, ойдон чыгарылган күнөө тагуудан оолак болууга чакырды.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына алынган. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып коюлган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости