www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов 22-августта милиция тарабынан кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, жактоочунун үстүнөн 1 жыл мурун арыз жазылган. Айткулов алдоо жолу менен 5500 АКШ долларын алып алган деп айыпталууда.  

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Айткулов ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановдун жактоочу болуп келген. Ал мындан бир аз убакыт мурун министр Кашкар Жунушалиевди тергөө бүткөнчө кызматтан четтетилип туруусун талап кылган. Курсан Асановго айып коюуда министрдин жеке кызыкчылыгы болушу, тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн экендигин билдирип президент менен премьер-министрге кайрылган эле.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости