www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылык фактысы боюнча кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы 21-октябрда.

Манас шаарында армалган педагогикалык факультеттин окутуучусу К.З.А. системалуу түрдө алдамчылыкка шектелип жатат.

«Шектүү кызматтык абалынан пайдаланып, абитуриенттерди адаштыруу менен сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алып, андан соң сынактардан ийгиликтүү өткөрүү менен мамлекеттик үлгүдөгү диплом берем деп убада кылганы аныкталды. Ал жабыр тарткандардан окуу акысын төлөө жана семестрлерди "жабуу" үчүн улам-улам акча алып турган. Акыркы 5 жыл ичинде жасаган ушул сыяктуу 50дөн ашык алдамчылык фактысы аныкталды»,- деп айтылат расмий маалыматта.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы К.З.А. жасаган мыйзамсыз иш-аракеттерден жабыркаган жарандарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: (03722) 5-60-49 жана (0556) 06-18-83.

Последние новости