www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” футбол клубунун 29-академиясынын ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Аталган академия жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү башка франшизалар JalGroup Asia компаниясына таандык.

Академиянын расмий ачылышынын алкагында Кыргызстанга "Барселона" ФКнын легендарлуу оюнчулары келет. Алардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Савиола, Жулиано Белетти, Людовик Жюли жана башкалар бар. Алар 30-август күнү Борбор Азиянын белгилүү футболчулары менен Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жолдоштук беттеш өткөрөт.

Башталышы саат 20:00.

 

Последние новости