www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чаткал райондук башкармалыгы тарабынан даярдалган долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый объектти көрктөндүрүүгө багытталган.
Долбоордун алкагында жалпы аянты 1 гектар болгон аймакты иретке келтирүү, инфраструктураны жакшыртуу жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүү каралган.
Адистердин маалыматына ылайык, долбоор тарыхый-маданий мурасты сактоого жана Чаткал районунда тарыхый-маданий туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Учурда Ыдырыс-Ата тарыхый күмбөзүнүн эскиздик долбоору белгиленген тартипте кароо жана макулдашуу жол-жоболорунан өтүүдө.