www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын отставкадагы полковниги,түштүктөгү эң бай адамдардын бири  Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн сотко берип, соттон 50 млн.сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Эске  салсак, ушул жылдын апрель айында Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн алкагында журналист Ыдырыс Айтбаевдин «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аталыштагы видеоиликтөөсү көрсөтүлгөн. Анда, Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары да баяндалган.

Аталган берүүдөгү факттар боюнча, Финансы полициясы текшерүүнү баштаган.  

Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаков менен кошо видео иликтөөдө анын схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү суранган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости