www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов маданият кызматкерлерин эки бөлүп, ашмалтайын чыгармай болду. Бул жагдайды Кыргыз циркинин директорун дайындоо маселеси ачык көрсөтгү.
Министр мырза цирктин жамааты менен эсептешпей, менин айтканымдай болот деген текеберлик менен Фархад Бекманбетовду дайындап салды. Нааразы болгон цирктин 35 кызматкери иштен кетүү боюнча арыз жазышып, ишке чыкпай коюшту. Азамат болсо бир мекеменин чырын, көйгөйүн чече албай, жамаатты экиге бөлүп оозун ачып отургандан кийин, бул тас кейпи менен бутүндөй маданият тармагын сызга отургузат окшойт. Жамангулов маданият таптакыр тамтыгын чыгара электе, иштин көзүн билген башканы дайындоо зарыл.
Эшектин тушоосун чече албаган министрди кармап отургаңдан эмне майнап чыкмак эле?
Булак: "Ачык саясат"