www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен бул чууга өзүмдү күнөөлүмүн деп эсептебейм. Мындай маданий иш-чара нормалдуу эле көрүнүш. Болгону элибиз буга даяр эмес экен.

Мындай пикирин бүгүн, 2-декабрда жумушунан арызын жазып кеткен Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин мурунку директору Мира Жангарачева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал өзү аталган кызматтан кеткиси келген эмес, бирок, коомчулукта болуп жаткан чууну басаңдатышы мүмкүн деген ишеним менен кеткенин кошумчалайт. Айрым сайттар жазгандай, анын арыз жазуусун министр суранган эмес.

28-ноябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде феминналдардын "Үйүндөгүлөрүн баккандар. Экономикалык эркиндик. Аялдар" аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылган. Анда 22 өлкөдөн келген 50дөн ашуун арт-чеберлер катышып, анда аялдардын түрсүгү баш болгон ич кийимдерге ар кандай ураандарды жазып, музей ичине илип коюшкан. Мындан сырткары айрым аялдар жыпжылаңач болуп музейдин ичинде басып жүргөн видеосу интернетке тарап, ал коомчулуктун катуу нааразычылыгын жараткан.

Мындан улам, бүгүн, 2-декабрда активист жарандар, аксакалдар топтолушуп, министрликтин алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Аларды министр Азамат Жаманкулов кабыл алып, алардын суроолоруна жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости