www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылы июнь коогалаңынан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекциясы кандай коррупциялык иштерди жасаганын элдин баары билет. Аталган дирекциянын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия миллиондор уурдалганын далилдегени менен анын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин кылы да кыйшайган эмес.
Тескерисинче, Сатыбалдиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда анын Аппаратын жетектеп, өкмөт башчылыкка чейин көтөрүлдү. Көпчүлүк Жантөрө Жолдошевичтин мындай “ийгилигинин” сырын түшүнбөй, ага таң калып да жүргөн. Көрсө, маселе такыр башкада экен. Анда кепти Сатыбалдиевдин “кол тийбестик” макамына Атамбаевдин тушунда кантип ээ болгонуна учкай токтололу.
Ош окуясында миңдеген үйлөр талкаланып, жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылганда дүйнө коомчулугу Кыргызстанга кол сунуп, далай донорлор миллиарддарды которгон.
Бирок, каражаттын көпчүлүк бөлүгү Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан сол чөнтөккө солонуп кеткен. Тиешелүү органдар бул факты боюнча иш козгой турган маалда, тагырагы, 2011-жылы президенттик шайлоо башталып кетет.
Ишенимдүү булактар кабарлагандай, ошол шайлоодо аталган дирекция талапкер Алмазбек Атамбаевдин фондуна 5 млн. доллар которгон. Бул фактыны билген саясатчылар бүгүнкү күнгө чейин айтып жүрөт дейт. Кан төгүүдөн акча жасап, уурдалган арам каражатты Атамбаев кантип иштетти?
Бул “итчилик” боюнча Атамбаев менен Сатыбалдиев жоопко тартылышы керек. Тиешелүү органдар биз жарыялаган фактыны иликтөөгө алып, укуктук баа бериши кажет"- деген макала Фейсбуктага Инсайдер Кыргызстан тобуна жарыя болду.
Булак: "Инсайдер Кыргызстан"